«Кош бол, Алиппе»
2024-2025-окуу жылында биздин мектепте тарыхый окуя болду — биринчи жолу толук кандуу кыргыз тилдүү 1-класс ачылды. Бул биздин билим берүү уюму үчүн чоң жетишкендик жана кубанычтуу жаңылык!
Май айынын соңунда 1-класстын окуучулары үчүн салтанаттуу «Алиппе майрамы» өткөрүлдү. Балдар ата-энелерине, мугалимдерине жана меймандарга жыл бою үйрөнгөн ырларын, бийлерин, макал-лакаптарын, сахналык оюндарын тартуулашты. Ар бир окуучу өзүнүн жетишкендиги менен сыймыктанып, алгачкы китеби – Алиппени урмат-сый менен узатышты.
Иш-чарага ата-энелер, мугалимдер жана мектеп администрациясы катышып, окуучуларга ийгилик каалап, келечекте билимин улантууга дем-күч беришти.
Биздин мектептеги кыргыз классынын ачылышы – мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон салымыбыз деп ишенебиз!
Комментарии